Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Мугалимдердин айлыгы көбөйөт


БИШКЕК. Кыргызстандагы мугалимдердин эмгек маянасы 1-октябрдан тарта 15 процентке жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Николай Танаев Мыйзам чыгаруу жыйынында билдирди. Анын айтуусу боюнча өкмөт алыскы райондордо иштөөчү жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүү максатында «Жаш мугалимдин депозити» аттуу программаны ишке ашыра баштады. Анын алкагында быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 40 мугалим конкурс менен тандалып алынып, турак–жай менен камсыздалат. Аларга айлыгынан тышкары айына 2 миң сомдон кошумча акы берилет. Ошол эл программанын алкагында айыл жериндеги мугалимдерге көмүр, электр энергиясы жагынан жеңилдиктер берилет.

XS
SM
MD
LG