Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Конституциялык сот депутаттын арызын кароону баштады


БИШКЕК. Бүгүн Конституциялык сот Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун арызын кароону баштады. Арызда депутат Аскар Акаевдин 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга укугу бар-жоктугун тактап берүүнү өтүнгөн. Конституциялык соттун судьясы Качыке Эсенканов кызыккан тараптарды иш менен тааныштырып, 10 күндөн кийин маселе Конституциялык соттун коллегиясында каралаарын билдирди. Сот ишине Мыйзам чыгаруу жыйынынан депутат Азимбек Бекназаров, депутат Дүйшөн Чотонов, Эл өкүлдөр жыйынынан Баяман Эркинбаев катышты.

XS
SM
MD
LG