Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

Күндүн нуру тууралуу өтө баалуу маалымат алып келаткан космостук аппарат кырсыкка учурады


Ал АКШнын Юта штатындагы чөлдө кыйрады. Төмөн көздөй келаткан "Женезис" аппаратын Голливуддун эки каскадер учкучу парашютка жалгаштырып кондурушмак, ал план ишке ашпай калып, муздаткычтын көлөмүндөй болгон капсула жерге сайылды. Американын космос агенттиги – НАСА бул аппаратты 2001-жылы учурган, ошондон бери ал күндүн нуру тууралуу баалуу маалымат-материал чогулткан. НАСАнын күн системасын изилдөө боюнча директору Крис Жонс азырынча кырсыктын себептерин бир беткей айтуу кыйын деп маалымдады.

XS
SM
MD
LG