Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Түштүк Корея жашыруун сыноо өткөргөнүн танган жок


Түштүк Корея 1980-жылдардын баш ченинде атомдук куралга керектүү плутоний менен эксперимент жүргүзгөнүн мойнуна алды. Ырасмий Сеулдун билдиришинче, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ азыр бул экспериментти иликтеп жатат.

Түштүк Кореянын илим жана технология министрлигинин ядролук коопсуздук бөлүмүнүн директору Ким Еншик анын өлкөсү МАГАТЭнин жоболорун бекем тутканын бүгүн билдирди:


- Түштүк Корея ядролук энергияны тынчтык максатында колдонуу жана өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча өзүнө алган милдеттемелерин бузбай атакарат. Ядролук куралдарды жайылтпоо келишимине кирген өлкө катары аны жайылтпоо, анын ичинде МАГАТЭнин коопсуздук жоболорун аткаруу боюнча өз милдеттенмелерин катуу тутат.

Түндүк Корея кечээ жасаган билдирүүсүндө Түштүк Кореянын байытылган уран менен эксперимент жүргүзүүсү регионду жарыша куралданууга түртүшү ыктымал деген кооптонуусун айткан.

XS
SM
MD
LG