Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:07

Ысыккөлдө президенттин мөөнөтүн узартууну колдобогондор бар


КАРАКОЛ. Бир катар саясий партиялардын Ысыккөл облустук бөлүмдөрүнүн лидерлери Жогорку Кеңештин кош палатасына жана республиканын калкына кайрылуу жолдошту. Ага "Асаба" кайра жаралуу, "Жаңы Кыргызстан", "Социал-демократтар", "КДКП" саясий партияларынын облустук бөлүмдөрүнүн лидерлери кол коюшту. "Асаба" кайра жаралуу саясий партиясынын облустук лидери Каныбек Жакыпбектегиндин айтымында, Ошто түзүлгөн "Элим менен, элим үчүн" коомдук фонддун президент Аскар Акаевдин ыйгарым укугун дагы жети жылга узартуу боюнча демилге көтөрүшү эл арасында кайчы пикирлерди жаратууда.

«Ошондуктан, биз мындай саясий оюнду бийликке көшөкөрлүк катары түшүнөбүз. Эгерде президенттин иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө кол топтоо жүргүзүлсө, анда эл арасында нааразычылыктар ого бетер күчөп, карама-каршылыктарга от тамат», дейт Каныбек Жакыпбектегин.

XS
SM
MD
LG