Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Америкалык аскер Ирактагы кылмыштары үчүн сот жобуна тартылды


БАГДАД. АКШнын Ирактагы аскердик соту АКШ армиясынын кызматкерин Абу-Граиб түрмөсүндө туткундарды кыйнап, кордогону үчүн 8 айга эркинен ажыратты. Армин Круз ошондой эле аскердик чининен ылдыйлатылып, татыксыз жүрүм-туруму үчүн деген аныктама менен аскерден чыгарылды. Круз өзүнө тагылган кинээни мойнуна алган. Ал мындай кинээ менен сот жообуна тартылган америкалык сегизинчи аскер болду.

Анын аралыгында, бүгүн Ирактан келген маалыматтарда, Басрада АКШнын консулдугунун жанында бомба жарылып, андан бир киши жан таслим болгону маалымдалат. Жардыруудан бир топ адам жаракат алды.

XS
SM
MD
LG