Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Италиялык эки аял аман-эсен куткарылабы?


Италиянын тышкы иштер министри Франко Фратини Иракта барымтада отурган эки мекендешин аман куткарып алуунун амалында Жакынкы Чыгышка сапарга барат.
Фратини адегенде Кувейтке барып, өкмөт адамдары жана диниятчылар менен жолугушат.
Соопкерчилик уюмунда иштеген Симона Пари жана Симона Торрета өткөн шейшемби күнү уурдалган.
Согушчандар жекшемби күнү жасаган билдирүүсүндө 24 саат ичинде италиялык аскерлер Ирактан чыгып кетишпесе, эки аял тындым кылынат деп коркутушкан.
Италия АКШнын Ирактагы согушун колдогон жана өлкөнү калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө 3 миңге жакын аскер жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG