Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

АКШ элчилиги добуш берүү маалында баш бармакка белги коюуну колдойт


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги добуш берүү маалында шайлоочунун сол колунун баш бармагына белги коюу тууралуу 13-сентябрда кабыл алынган мыйзамды кубаттайт. Мындай маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 15-сентябрда таратты. Ал билдирүүгө караганда, Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзамга президент кол койсо шайлоо күнү бир адамдын бир нече ирет добуш берүүсүнө бөгөт коюлат. Белги коюучу боёк көзгө көрүнбөйт жана адамга эч кандай зыян келтирбейт. Ультра көгүш нур менен гана көрүнө турган боёк экинчи күнү жууганда кетет.

АКШнын Бишкектеги элчилиги боёкту сатып алууга зарыл каражатты берип, аны колдонууну үйрөтүүгө даяр экендигин билдирди. Элчиликтин маалыматы боюнча белги коюу тажрыйбасы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө колдонулат. Бул ыкма ишке ашса Кыргызстан шайлоолор калыс, ачык жана адилет өтөөрүнө дүйнө коомчулугун ишендире алат.

XS
SM
MD
LG