Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Мушарраф башкы командачы болуп кала берет


Пакистандын бийликтери Ооганстан менен чектеш тоолуу райондордо каршылык көрсөтүп жатышкан чет элдик жоочуларга мунапыс жарыялоо сунушун дагы бир жолу билдирди. Өлкөнүн маалымат министри шейх Рашид Ахмед “эгерде жоочулар куралдарын ташташса, аларды өз өлкөлөрүнө өткөрүп бербейбиз” деди.

Андан сырткары, министр Пакистандын президенти Первез Мушарраф мамлекеттин аскерий күчтөрүнө дале башкы командачы катарында кала берээрин тастыктады.

- Пакистанда жакынкы мезгилдерде чукул өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн. Буга даяр болушубуз керек. Өлкөнүн экономикасына жана башка проблемаларга тиешелүү маанилүү чечимдерди оор абалда тез кабыл алуу үчүн президенттик да, аскер командачылыгы да бир эле адамдын колунда болгону туура. Андыктан, аскерий күчтөрдү жетектөө президенттин милдети бойдон кала берет, - деди Пакистандын маалымат министри шейх Рашид Ахмед.

XS
SM
MD
LG