АКШ Мамлекеттик катчылыгынын басма сөз өкүлү Ричард Баучердин айтымында, эл аралык террорчуларга каршы күрөшүп жаткан Орусия жетекчилигине Вашингтон толук колдоо көрсөтөт. Андан тышкары, кээ бир террорчулар Грузия аймагында жашынганы тууралуу да маалыматтар бар, ошондуктан америкалык адистер Грузиянын коопсуздук кызматтарын машыктырууда.