БИШКЕК. 16-сентябрда Астанада өткөн саммитте КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери тарабынан Шериктештикке кирген мамлекеттердин, регионалдык жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен жакынкы келечекте Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин терроризмге каршы күрөшүү боюнча комитетинин атайын жыйынын өткөрүү демилгеси көтөрүлдү.
Буга байланыштуу саммитте атайын кайрылуу кабыл алынып, анда КМШ өлкөлөрү Орусиянын терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларын толугу менен колдоору, Орусиянын аймагында август-сентябрь айларында ырайымсыз кылмыштарды жасаган террористтер дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө коркунуч туудуруп жаткандыгы, аларга каршы күрөшүүдө эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттери гана натыйжа бере ала тургандыгы жөнүндө айтылган.
КМШ Бириккен улуттар уюмунун террорчулукка каршы күрөшүү комитетинин атайын кеңешмесин өткөрүү боюнча мамлекеттик денгээлде иш-чараларды жүргүзүшмөкчү. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынан билдиришти.