Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Жалалабаддык окуучулар Бесланга жардам беришти


ЖАЛАЛАБАД. Областын мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери террорчуларды айыпташты. Алардын белгилөөсү боюнча бейкүнөө балдар менен аялдардын өмүрүн кыйган террористтерге аёо жок. Алабука районундагы мектеп окуучулары алааматта жарадар болгондорго жардам берүү демилгесин көтөрүшкөн. 18-сентябрда областык бийликтен алынган маалымат боюнча аталган райондон окуучулар Бесландык жабырлануучу балдарга топтолгон 20 миң сом акча Түндүк Осетияга жиберилди. Кайрымдуулук жардамын көрсөтүү башка эмгек жамааттары менен жеке адамдар тарабынан да уюштурулууда.

XS
SM
MD
LG