Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Аскерлер машыгуу өткөрүүдө


БИШКЕК. Ушул күндөрү Бишкектен 15 чакырым алыста жайгашкан Чоң-Куурчак капчыгайында Кыргызстандын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлеринин атайын бөлүктөрүнүн жана Франциянын куралдуу күчтөрүнүн бригадасынын биргелешкен машыгуулары өтүүдө. Франциядан бул өнөктүккө 32 аскер кызматкери катышып жатат. Анын башкы максаты - аскер кызматкерлеринин тоо шартындагы даярдыктарын жогорулатуу.

Машыгуунун катышуучулары ошондой эле тоо шарттарында коопсуздук чараларын сактоо, тоолуу аймактарда душманга каршы согушуу ыкмалары боюнча тажрыйба алмашууда. Кыргызстан менен Франциянын аскер кызматкерлеринин биргелешкен машыгуусу эки өлкөнүн аскер мекемелеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык өтүүдө. Машыгуулар 24-сентябда аяктайт.

XS
SM
MD
LG