Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:29

20-сентябрда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 20-сентябрда Талас, Чүй, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт.

Республика боюнча абанын температурасы:
ТАЛАС аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 градус.
ОШ, ЖАЛАЛАЛАБАД, БАТКЕН облустарында түнкүсүн +13…+18 градус жылуу болсо, күндүз +23…+28 градус ысык болушу күтүлөт.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН өрөөндөөрүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23 градус жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27 градус.
Ордо калаабыз БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.
Күндүн узактыгы 12 саат 15 мүнөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Айданбек Акмат уулу даярдады.

Редактор Кубат Оторбаев.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG