“Канткенде алдыдагы шайлоолор адилет өтөт?” деген суроо учурда коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурган маселелердин бирине айланды. Азербайжандагы, Грузиядагы, Чеченстандагы, Казакстанда жаңыдан эле өткөн шайлоодон соң бул маселенин актуалдуулугу дагы артты.
Кыргызстанда шайлоолор, референдумдар кандай өтүп келгенин коомчулук жакшы билет. “Бир шайлоочу үчүн бир гана добуш” деген принцип көп учурларда бузулуп келгени тууралуу жергиликтүү жана эларалык эксперттер, уюмдар көп эле жолу белгилеп келет. Айрым саясатчылар шайлоого байланыштуу мыйзамдардын чийкилигинен улам жалпы элдин добушу бурмаланаарын айтышса, айрымдары Кыргызстан демократиялык багытынан четтеп кеткенине байланыштуу деп түшүндүрөт. Ушундай көз карашты Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков да карманып келет:
-Эми демократия Кыргызстанда бүткөн. Баягы 3-мөөнөткө кеткенде эле демократиянын негизги принциби бүткөн. Бул демократиялык жолдон тайып башка жолго кеткендин башы болчу .
Көпчүлүк талдоочулардын пикирине караганда шайлоо адилет өтпөй, кайсыл бир адамдын кызыкчылыгына байланыштуу бурмаланган учурда ал жерде демократия тууралуу сөз кылуунун да кереги жок.
Ал эми мамлекет жетекчилери өлкөдө демократиянын арышы кеңейип, адилет башкаруу орногонун бышыкташат. Ошол эле учурда шайлоону адилет өткөрөлү деген кошуундарга, топторго сокку урулуп, жетекчилери кызматтан алынышына, бир шайлоочу бир гана жолу добуш берсин деген мыйзамга бийликтин каршы болгонуна эксперттер жооп таба албай кыйналып жаткан кез.
Бармакка белги коюучу мыйзамга макул болбогон Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин башкы аргументи:
-Бул мыйзам өкмөттүн макулдугусуз парламентте кабыл алынган, андыктан ал Конституциянын айрым жоболоруна түздөн-түз каршы келет. Ошондуктан президент бул мыйзамга кол коюуга иш жүзүндө укугу жок.
Сулайман Иманбаевдин мындай пикири менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев макул эмес. Анын пикирине караганда Кыргызстандагы жашоонун кыйынчылыгынан улам убактылуу мекенин таштап, башка өлкөлөрдө жүргөн жарандардын добушун бийлик буга чейин өз кызыкчылыктарына пайдаланып келген. Бул мыйзам ага бөгөт койот. "Ошондуктан мындай мыйзамга президентти кол койдурбоого анын айланасындагылар айла-амал издеп, ага ар кандай жолдор менен тоскоолдук жасап жатат", дейт Ө.Текебаев:
-Эми Президенттик админстрация муну атайын уюштуруп атат. Алар элге жалган маалымат берип, бурмалап, аларды коркутуп, бул мыйзамга кол койбой койгондун шылтоосун издеп атат .
Бул мыйзамдын аткарылышына эбегейсиз көп каражат талап кылынаарын Борбордук шайлоо комиссиясы айтып келсе, аны чечүүнү Америка өкмөтү өзүнө алаарын Кыргызстандагы элчилиги 15-сентябрда билдирген.
Ал эми баш бармакка белги коюу шайлоочунун укугун бузат деген аргумент менен көпчүлүк саясатчылар макул эмес. Алар тескерисинче референдум жана шайлоо учурларында ар бир добуштун эсепке алынбаганы шайлоочунун укугун бузуу дегендикке жатат деп түшүндүрөт. Андыктан бул талаш-тартыштарды айрым эксперттер шайлоо алдындагы эки тараптын күрөшү катары баалап жатат.