Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Оппозициялык саясатчылар Конституциялык сотту сынга алышты


БИШКЕК. Конституциялык соттун колдоосу менен башмыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети жасалса «Эл бийлиги үчүн» саясий бирикмеси «Конституциялык соттун кереги барбы же жокпу?» деген демилге менен кол топтоого киришүүсү мүмкүн. Мындай билдирүүнү бүгүн Жогорку Кеңеште уюштурган маалымат жыйынында бирикмеге мүчө партия лидерлери, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары Дооронбек Садырбаев, Азимбек Бекназаров жана Бектур Асанов жасашты.

Муну алар депутат Чотоновдун арызына карата Конституциялык соттун 21-сентябрдагы аныктамасы менен байланыштырышты. Конституциялык сот ал аныктамасы менен Аскар Акаевдин 2005-жылдагы президенттик шайлоого барар-барбасына байланышкан маселени кароо эрте деп, аны парламенттин кош палатасы бул суроону карай электиги менен негиздеген. Мындай чечимге ынабаган саясий бирикме Конституциялык сот президент Аскар Акаевдин камчысын чаап жатат деп санайт.

Бирикменин билдирүүсүндө белгиленгенге караганда, 1998-жылы депутаттар Борис Гогаев менен Адахан Мадумаровдун ушул сыяктуу эле суроосуна Конституциялык сот «Акаев 2000-жылы президенттик шайлоого катыша алат» деген чечимин чыгарып берген.

XS
SM
MD
LG