Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Газа секторундагы бүгүнкү атышта үч жөөт, эки палестин өлдү


Окуя жөөт конуштарынын биринин жанындагы көзөмөл бекетте болгон. Эртең менен Израил аскерлери палестин качкындарынын Хан Юнис деген жердеги лагерине кирген эле. Анда абадан урулган соккудан кеминде 7 палестин жаракат алды.

Кечээ болсо Иерусалим шаарындагы террактан эки адам өлүп, он алтысы жарадар болгон. Жакынкы Чыгыш боюнча төртилик топ: Орусия, АКШ, БУУ жана Евробиримдик өз билдирүүсүндө "Жол картасы" деген пландан четтеп жатканы үчүн Израилди да, Палестинаны да сынга алды. Алардын пикиринде, палестин лидери Ясир Арафат автономиядагы реформага бут тосууда, ал эми Израил талаш аймактарда конуштарды куруусун улантып жатат.

XS
SM
MD
LG