Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Украинанын премьер-министри, президенттикке талапкер В.Янукович башынан жараат алды


Келерки айда өтө турган президенттик шайлоодогу башкы талапкерлердин бири Виктор Янукович кимдир-бирөө ыргыткан катуу буюм башына тийип, ооруканага жаткырылды. Янукович – Украинанын батыш тарабындагы Ивано-Франковск шаарында эл менен жолугушуп жатканда жабыр тарткан. Өкмөттүн басма сөз өкүлү Ханна Херман премьер-министрдин акыбалы туруктуу экенин билдирди.

Януковичтин жардамчылары – кол салууну шайлоодогу атаандашы, оппозициячыл Виктор Юшенконун радикал тарапкерлери жасады деп айыптоодо. Юшенко жакында атаандаштары аны ууландырып-өлтүрүүгө аракет кылды деп, дарыланып чыккан. Украинанын прокуратурасы окуялар тергелип жатканын билдирет.

 

XS
SM
MD
LG