ГАЗА. Израилдик аскерлер Газа тилкесиндеги Хан Юнис качкындар лагеринде 35 турак үйдү кыйратып салышты. Мындан мурда бул чөлкөмдөн жөөт кыштагына атылган ракетадан бир жөөт көчмөн жан таслим болгон. Израилдик тик учактардын аткылоосунан бир палестин курман болуп, дагы бешөө жараат алды. Палестиндер качкындар лагерине кирип келген танкалар менен бульдозерлерге ок атып, каршылык көрсөтүштү.