Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:37

Французду “ал-Каиданын” өкүлдөрү өлтүргөн болушу ыктымал


26-сентябрда эртең менен Сауд Аравиядагы Жеддах шаарында бир французду белгисиз адамдар атып кетишти. Сауд Аравиянын Ички иштер министрлиги кылмышты “террор актысы” деп тааныды. Полициянын айтымында, франциялык кишини эртең менен түнкү дүкөндүн жанында машинесинде олтурган жеринен атышкан. Бул жолку окуя айдын башында баш калаа Эр-Риядда британиялык инженерге жасалган чабуулга окшош болду. Анда инженерди “ал-Каида” уюмунун өкүлдөрү өлтүрүшкөндүгү айтылган.

XS
SM
MD
LG