Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Мамлекеттик мекемелердин милдети такталууда


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө мамлекеттик мекемелерди борбордук башкаруудан ажыратуу жана алардын милдетин функционалдык изилдөөгө арналган жыйын болду. Анда өкмөт башчы Николай Танаев функционалдык изилдөө тууралуу маалымат берип, борбордук мамлекеттик органдардын реформа жасоого көңүлү жок экендигин билдирди. Танаев «Айрым министрликтердеги кызматтарды жойсок, алар анын ордуна башка кызматтарды жана мурдагыдан көп кызмат орундарын түзүүнү сунуш кылышууда. Көпчүлүк борбордук башкаруу органдары өз милдетин унутуп, аны өзүнүн алдындагы мекемелерге жүктөп койгон», - деп билдирди. БУУнун Өнүгүү программасынын кеңешчиси Таалай Койчуманов болсо көпчүлүк башкаруу органдары стратегиялык багыты жок, күнүмдүк иштер менен алектенип калгандыгын билдирди. Функционалдык иликтөөнүн жыйынтыгы ушул жылдын декабрь айында чыгарылып, башкаруунун жаңы ыкмасы колдонууга киргизилет.

XS
SM
MD
LG