Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Иракта кан төгүү уланууда


Өлкөнүн ар кайсыл жерлеринде болгон бүгүнкү кагылыштардан 11 адам каза тапты. Адамдардын өмүрүн кыйган окуялар Мосул, Бакуба шаарларында жана Багдаддын Садр шаар деген районунда катталган. Мунун аралыгында, Евробиримдиктин тышкы саясатты тейлеген өкүлү Хавьер Солана Ирак боюнча эл аралык конференция өткөрүү демилгесин кубаттады. Бирок Солананын айтымында, мындай конференция качан болоору азырынча белгисиз. Ал эми Франциянын тышкы иштер министри Мишель Барниер кандай эл аралык конференция болбосун ал АКШ баштаган аскерлер Ирактан кетиши же кетпеши керек деген маселени чечиши керек деп эсептейт. Мунун алдында кечээ АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ирактагы коопсуздук кырдаалы боюнча келерки айда эл аралык конференция өткөрүүнү ишара кылган эле. Ал ошондой эле Иракта козголоңчулардын аракети күчөп жатканын, шайлоо жараянды үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн согушкерлерге каршы чара көрүүнү америкалык аскерлер да күчөтөөрүн айткан:

- Сунни үч бурчтугунун алкагында, өзгөчө Багдаддын жана Садр шаардын айрым бир бөлүктөрүндө проблема бар. Ирактыктар шайлоону каалаганы анык, аларга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүш керек. Биз козголочулар менен террорчулар аларды бул мүмкүнчүктөн ажыратуусуна жол бере албайбыз.

Мындан бир айча мурун туткундалган ирандык дипломат бүгүн барымтадан бошотулду. Бул тууралуу Иран бийликтери кабарлашты.

XS
SM
MD
LG