БИШКЕК. 19-октябрда Кыргызстанга НАТОНун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер иш сапары менен келээри күтүлүүдө. Ал мамлекет башчы Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин кош палата төрагалары, өкмөт башчы Николай Танаев менен жолугушат. Анын учурунда соңку жылдары НАТО менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык талкууланып, келечекте өз ара байланышты чыңдоо багытында сүйлөшүү болот. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.