БИШКЕК. Бишкекте келемиштерди жок кылууга 82 миллион сом керек. Бул тууралуу шаардык дезинфекциялык станциянын башкы дарыгери Садырбек Турсуматов бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматы боюнча, азыркы учурда Бишкек мэриясы бул иш чарага жыл сайын 500 миң сом бөлүүдө. Келемиштер алып келген экономикалык зыян олуттуу. Андан сырткары алар коркунучтуу илдеттерди жуктуруучулар. Ошондуктан кемиргичтерди жоготууга бюджеттен каражат кароо туура болоор эле, деп белгиледи Садырбек Турсуматов.