БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы тууралуу программаны 5-октябрдан тарта карай баштайт. Мындай чечим палатанын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды. Шейшемби күнү депутаттар адегенде 1992-жылдан бери жүргүзүлгөн тармакты менчиктештирүүнүн жүрүшү боюнча өкмөттүн отчетун укмакчы. Андан кийин программаны кароого өтүү белгиленген. Ал эми программага ылайык өкмөт «Түндүкэлектро» акционердик коомун концессияга берүүнү, «Кыргызгазды» менчиктештирүүнү караштырып жатат.