Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Эл аралык конгресс түрк цивилизациясын талкуулап жатат


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Түрк цивилизациясынын дүйнө цивилизациясындагы орду жана ролу» аттуу эл аралык конгресс ишин баштады. Иш чаранын жалпы отурумунда президент Аскар Акаев, жазуучу Чыңгыз Айтматов, түркиялык окумуштуу Юсуф Халач Оглы, жапон окумуштуусу Тадаши Сузуки баштаган мамлекеттик, коомдук ишмерлер, окумуштуулар сөз сүйлөштү. Президент Аскар Акаев өз сөзүндө түрк цивилизациясынын дүйнөлүк, анын ичинде евразиялык цивилизация тутумуна кошулушун колдой тургандыгын билдирди. Конгрессти Кыргызстандагы «Манас-Түрк» университети уюштуруп, ага 16 өлкөнүн көрүнүктүү окумуштуулары, коомдук жана маданий ишмерлери катышууда. Конгресс ишин 6-октябрда аяктайт.

XS
SM
MD
LG