Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Баткен чегара бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн беш жылдыгы белгиленди


БАТКЕН. Баткен чегара бөлүгүндө өткөн салтанаттуу жыйын 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлерди эскерүү жана алардын эстелигине гүлчамбарларды коюу менен башталды. Аталган чегара бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына арналган жыйынга республиканын чегара кызматынын башчысынын орун басары, генерал-майор Нурдин Чомоев, облустук, райондук бийликтин, облустук башкармалыктардын өкүлдөрү, Айдаркен, Лейлек жана кошуна Тажикстандын Исфара районундагы чегара бөлүктөрүнүн башчылары катышып, куттуктоолор, калоо-тилектер айтылып, белек-бечкектер берилди.

Баткен коогалаңынын учурунда элди коргоо үчүн өзгөчө эрдик, каармандык көрсөткөнү белгиленди. Салтанат марафон менен коштолуп, чегара бөлүгүнө акчалай жардамдар көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG