МОСКВА. Орус президенти Владимир Путин терроризмге күрөшүүдө эларалык деңгээлде кызматташууга чакырды. Бүгүн Кремлде чет мамлекеттердин жаңы элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып президент террористтерди "нейтралдаштырып" эле тим болбостон, аларды колдогон саясий лоббини жана террористтердин идеологиялык демөөрчүлөрүн бөлүп салуу абзел, деп айтты.
Ошону менен катар эле орус президенти бул маселеде кош стандарттарды колдонууга жол бербөөгө чакырды. Ассошейтед Пресстин болжолунда, муну менен президент Батыштын Россиянын Чеченстандагы согушу жөнүндө айткан сын пикирлерине жооп кайтарды.
Москва чечен козголоңчуларын террористтер деп эсептейт.