Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

ИРАН ДҮЙНӨЛҮК КООМЧУЛУКТУН ПИКИРИНЕ КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Өзөктүк кубат боюнча агенттик 18-сентябрда кабыл алган резолюцияга ылайык, уран байытуу боюнча бардык аракеттерди Иран токтотууга тийиш. Ал эми 25-ноябрга чейин өлкөдөгү бардык өзөктүк изилдөөлөр боюнча Тегеран отчет даярдап бериш керек. Бирок ага карабастан Иран өзүнүн аскерий аракеттерин күчөтүүдө жана кээ бир эксперттердин айтымында, өлкөгө каршы катуу чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Жөөт эксперттеринин айтымында, Иран өзөктүк куралга 2007-жылы ээ болушу мүмкүн жана "Маарив" гезитинин жазганына караганда, үстүбүздөгү жылдын ноябрында бул багыттагы изилдөөлөрдө Иран артка кайтпас чектен өтөт. Кээ бир байкоочулардын пикиринде, өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Ирандын өзөктүк ишканаларын Израил бомбалап жок кылып салууга да аракеттениши ыктымал.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Израил АКШдан жүздөн ашык "Ф-16" үлгүсүндөгү учак, ал эми июнда беш миңге жакын жаңы бомба сатып алды. Ал бомбалар калыңдыгы эки метирге жакын бетон дубалдарды буза алат жана жер алдындагы өзөктүк ишканаларды сактаган бункерлерге каршы пайдаланылышы мүмкүн. 1981-жылы Израил учактары кошуна Ирактын аба мейкиндигине кирип, Франция тарабынан Багдадка курулуп берилген "Осирак" аттуу өзөктүк реакторду бомбалап, жок кылып салган.

Анткен менен бир топ чалгындоо маалыматтарына караганда, Иранга каршы дагы ошондой аракет көрүп, анын өзөктүк ишканаларына сокку урууну камсыз кыла тургандай жетиштүү маалымат Израилде азыр жок. Ройвен Педацур аттуу белгилүү жөөт окумуштуунун айтымында, Иранда азыр - эл аралык коомчулукка таптакыр белгисиз бир-эки өзөктүк ишкана бар болуш керек.

Вашингтондогу Никсон борборунун вице-президенти Клифф Капчэндин пикиринде болсо, дипломатиялык ыкмалар натыйжа бербесе Иранга каршы күч колдонууга АКШ дагы барышы мүмкүн. Вашингтондун андай ниетин билип, Израилдин премьер-министри Ариел Шарон сентябрда Бириккен Улуттардын сессиясында чыгып сүйлөгөндө, Иран маселеси тез арада Коопсуздук Кеңешинде каралууга тийиш деп билдирди.

Андай болбос үчүн, Тегеран дүйнөлүк коомчулук менен тыкыз кызматташып, Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин бардык талаптарын аткарууга тийиш. Жашыруун өзөктүк изилдөө жүргүзгөнү жакында ачыкка чыккан Түштүк Корея дал ошондой ыкма менен кечирим сурап, дүйнөнүн көңүлүн алды.

Бирок Иран атайылап АКШ менен тирешип жаткандай. Сентябрда Иран боюнча резолюция кабыл алынгандан үч күн өтүп-өтпөй, өлкөнүн вице-президенти Реза Агазаде атайын билдирүү жасап, өлкөдө уран байытуу иштери башталганы тууралуу жарыялаган. 6-октябрда болсо Ирандын агенттиктеги өкүлү Хусейн Мусавян ал иштер ийгиликтүү аяктаганы тууралуу билдирди жана өлкөдө эми 37 тоннага жакын байытылган уран бар.

Анын алдында, 5-октябрда өлкөнүн мурдагы президенти Али Акбар Хашеми Рафсанжани билдирүү жасап, Иран эки миң чакырым алыстыкка жете ала турган жаңы ракетаны ийгиликтүү сынап бүткөнү тууралуу жарыялады. "Шахаб-3" деп аталган ал ракеталар түндүк кореялык технология боюнча жасалган жана мурда алар 1300 чакырымга гана уча алат деп айтылып келген, эми болсо алар Европадагы буталарга да жете алат.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Адам Эрели 6-октябрда Ирандын аракеттерин сынга алды:

-Бул 37 тоннанын пайда болгону, Иран айткандай жөн гана сыноо эмес, бул өндүрүш болуп жатканын көрсөтөт. Өзөктүк агенттиктин чечимдерин Иран көзүнө илбегенине биз таң калбай да калдык, эми ал байытылган уран да өндүрө баштады. Биздин оюбузча, бул байытылган уран эми тынчтык максатында пайдаланылбайт. Иран өзөктүк курал өндүрүү багытында аракеттенип жатканы ачык болду.

Өзөктүк агенттик Иран маселесин эми 25-ноябрда караш керек.

XS
SM
MD
LG