Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Варшавадагы жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы каралды


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ушул күндөрү Варшавада өтүп жаткан жыйынында Эларалык Хельсинки федерациясы тарабынан даярдалган доклад талкууланды. Анда ЕККУга мүчө бир катар башка өлкөлөр менен катар Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулушу жөнүндө да айтылган.

Докладда белгиленгенге караганда Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, укук коргоочулар куунтуктоолорго учурайт. Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан оппозициялык көз караштагы саясатчылардын кыймыл-аракеттери катуу көзөмөлгө алынат. Жаза өтөө жайлары өтө оор абалда. «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов саясий себептер менен абактан бошотулбай жатат. Докладда булардан башка да бир катар олуттуу маселелер айтылган.

Бул тууралуу бүгүн Венадан Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев «Азаттыкка» маалдымдады.

ЕККУнун 4-октябрда башталган жыйыны 15-октябрда өз ишин аяктайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG