Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Депутаттар менчиктештирүүнүн жыйынтыктарын кароону улантты


БИШКЕК. 8-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны 1991-жылдан берки менчиктештирүүнүн жыйынтыктары боюнча маселени талкуулоону улантты. Көпчүлүк депутаттардын пкикиринде менчиктештирүү учурунда олуттуу мыйзам бузууларга жана финансылык көз боёмочулуктарга жол берилген.

Ал эми өкмөт башчысы Николай Танаев жыйынтыктоо сөзүндө менчиктештирүү жалпысынан дурус болгондугун белгиледи. Ошондой эле премьер-министр жылуулук-энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча өкмөттүн программасын палатада колдоп, бекитип берүүнү депутаттардан өтүндү.

Менчиктештирүүгө байланыштуу өкмөттүн 2 токтомунун долбоору дүйшөмбү күнү палатанын отурумуна сунушталат.

XS
SM
MD
LG