Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Казак өкмөтү улуттук ишканаларды коргоого алуунун амалын издөөдө


Казак өкмөтү отун-энергетика тармактарын өздөштүрүүдө мамлекеттик ишканаларга артыкчылык берүү аракетин жасоодо.

Парламенттик комитет даярдаган мыйзам долбоорун депутаттар бекитип, ага президент кол койсо "Казмунайгаз" компаниясы Каспий жээгиндеги мунай кендеринин көпчүлүгүнө ээ болот.

"Казмунайгаз" азыр эл аралык “Казакойлфилд” концорсиумунун акцияларынын 17 процентке жакынын сатып алуунун далалатында.

Концорсиумдун мүчөсү, "Бритишгаз" компаниясы өз акцияларын сатууга койгон. Бирок алгачкы келишимге ылайык Бритишгаз баалуу кагаздарын "Казмунайгазга" саттырбай койууга акылуу.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Усманов даярдады.

XS
SM
MD
LG