Герхард Шрөдөрдү германиялык бизнесмендердин чоң делегациясы коштоп жүрөт, бу жерде алар Ливия менен бир катар маанилүү келишимдерди түзүүнү көздөп жатышат. Бүгүн Шрөдөр Ливиянын лидери Муамар Каддафи менен жолугат. Ливия 1986-жылы Берлиндин батыш районундагы дискотекадагы террордо набыт болгондордун жакындарына акчалай кун төлөп бере баштады. Немецтер аталган кыянатты ливиялык атайын кызматтар уюштурган деп эсептешет.