Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Беларуста эртең парламенттик шайлоо жана бүткүл элдик референдум өтөт


Шайлоочулар Өкүлдөр палатасынын 110 депутатын тандашат, ал орундар үчүн 330 талапкер ат салышууда. Көптөгөн оппозициячыл талапкерлер шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. Беларустар андан тышкары Конституцияга президент Лукашенкага 3-мөөнөткө шайланууга уруксат бере турган өзгөртүү киргизүү маселесине да добуш беришет. Коомдук изилдөө борборлору жети млн. дой шайлоочу арасында Лукашенканы бул маселеде колдогондор аз экенин көрсөтүүдө. Бирок оппозициячылар бийликтегилер жасалма жолдор аркылуу референдумга коюлган маселени оңой эле оңунан чечип алышат деген пикирде.

XS
SM
MD
LG