Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Талас районундагы талаш-тартыш токтобой жатат


ТАЛАС. Талас районундагы №1 Нылды шайлоо участогундагы шайлоочулардын нааразылыгы токтобой жатат. Талашты тактоо максатында 17-октябрда өткөн жыйынга «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын адвокаты Жаныбек Карымбаев да катышты. Адвокаттын жана көз карандысыз байкоочу Гүланда Исмаилованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, добуш берүүдө мыйзам бузуу байкалган эмес жана анын жыйынтыктары боюнча эң көп добуш алган төрт талапкер депутаттык мандат алууга укук алышкан.

Бирок округдук комиссияга отчетко бараткан жолдо протоколдор кайра оңдолуп жазылып, депутаттыкка өттү деген Самудин Давлеталиев менен Нурбек Исраиловдун добуштары азайтылып, алардын ордуна бийликке жакын талапкерлерге добуштар кошулуп жазылган. Мындай бурмалоону билип калышкан байкоочулар менен талапкерлер ошондон бери бурмаланган протоколдордун көчүрмөлөрүн ала албай келишет. Протоколдордун бурмалангандыгын участкалык комиссиянын катчысы эл алдында мойнуна алып, түшүнүк кат да жазып берген. Шайлоочулардын өтүнүчү боюнча талапкерлер эми сотко кайрылууга убада беришти.

XS
SM
MD
LG