Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:20

Беларусияда шайлоо жана референдум өтүп жатат


Бүгүн Беларусь республикасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Беларусиялыктар бул күнү өзүнүн парламентин эле шайлабай, ошол эле учурда, президент Александр Лукашенконун үчүнчү мөөнөткө шайлануу укугун аныктоочу референдум боюнча да добуш беришүүдө.

Республиканын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Черников France Press маалымат агенттигине билдиргендей, баардык шайлоо чөлкөмдөрү өз убактысында саат 8де ачылды жана кечки сегизде жабылат.

Беларустун 7 миллион шайлоочусу бүгүн өз президенти Лукашенконун президенттик так үчүн үчүнчү жолу күрөшүү укугун да аныктамакчы. Анткени 2006-жылы Лукашенконун кызмат мөөнөтү аякташы керек. Өлкөнүн Конституциясына ылайык бир эле адам президент болуп эки мөөнөткө гана шайланууга укуктуу.

Шайлоочулар, ошондой эле, 110 орундуу парламентке депутаттарды тандап алышат.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоонун жүрүшүнө көз салуу үчүн өзүнүн жүздөгөн байкоочуларын жөнөткөн. Ал эми Европа Биримдиги менен АКШ шайлоонун ачык жана акыйкат өтүшүнө күмөн санашууда.

Бүгүн Минскте чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Александр Лукашенко аларды шайлоонун мыйзамдуулугу жөнүндө көп ойлоно бербөөгө чакырды:

-Мен 10 жылдан бери президенттик кызматтамын. Сиздер ушул 10 жыл ичинде дайыма бизди шайлоодогу мыйзамсыздык үчүн күнөөлөп келатасыздар. Муну эми токтотконго убакыт жетти деп ойлойм
.

Лукашенко Беларусь республикасында президенттикке 1994-жылы келген. Ал буга чейин деле - 1996-жылы өзүнүн президент катары укугун кеңейтүү максатында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизген.

Эми ал 2 жылдан кийин өтүүчү шайлоого катыша алабы же жокпу – бул бүгүнкү референдумдан кийин маалым болот.

XS
SM
MD
LG