Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Жалалабадда адам укугуна арналган фестиваль башталды


ЖАЛАЛАБАД. Адам укугу жөнүндөгү декларациянын 56-жылдыгына байланыштуу 2005-жылга чейин созулуучу фестивалды Оштогу укуктук жана экономикалык реформаларды колдоо кору менен Жалалабаддагы жаштардын укугун сактоо коомдук бирикмеси өткөрүүдө. Басма сөз жыйынында айтылгандай фестивалга байланыштуу долбоорду Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму каржылайт.

Фестивалдын алкагында элдин укуктук билими менен маданиятын тереңдетүү үчүн жогорку окуу жайлар жана мектептерде, коомчулукта окуу семинарлары менен суроо-жооп кечелери жана сынактар уюштурулат. Адам укугу жаатында Кыргызстан кошулган эларалык мыйзамдар түшүндүрүлөт. Соңку кезде облуста адам укугуна арналган мындай иш-чаралар азайып кеткен.

XS
SM
MD
LG