БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабировдун «Учкун» гезитине каршы берген доо арызы 25-октябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.
Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде «Учкун» гезитинде «Ошгазды» ойрондогон Сабиров» деген аталышта макала жарыяланган. Анда депутат Давран Сабировдун «Ошгаз» акционердик коомундагы ишмердүүлүгү чагылдырылып, депутаттын дарегине сын айтылган. Көп өтпөй Давран Сабиров «кадыр-баркыма, ар-намысыма шек келтирди» деген доо менен Бишкектеги Свердлов райондук сотуна арыз жолдоп, гезит редакциясынан 5 миллион, ал эми журналист Калил Жамгырчиевден 1 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Свердлов райондук соту депутаттын арызын канааттандырган эмес. Ага нааразы болгон Давран Сабиров Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.