Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

НАТОнун башчысы Бишкекке келди


БИШКЕК. 18-октябрдын кечинде Бишкекке Түндүк Атлантика Альянсынын башчысы Яап де Хооп Схеффер ырасмий сапар менен келди. Ушул эле күнү ал НАТОго кирген өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери менен жолугушту. Түндүк Атлантика Альянсынын башчысы эртең тышкы иштер министри Аскар Айтматов, коргоо министри Эсен Топоев, Жогорку Кеңештин кош палата төрагалары, андан соң мамлекет башчы Аскар Акаев менен жолугушат.

Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуу учурунда өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана эларалык терроризм менен биргелешип күрөшүү маселелери талкууланат. Анын соңунда Аскар Акаев жана Яап де Хооп Схеффер журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүшөт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG