Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

НАТОнун баш катчысы Өзбекстанда


НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Өзбекстанга келди. Ал бүгүн өзбек президенти Ислам Каримов жана өлкөнүн бир катар ырасмий өкүлдөрү менен жолугушуп, НАТО менен Өзбекстан ортосундагы аскерий кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Өзбекстан менен кызматташууга ал өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тоскоол болбойт деп ишенээрин айтты.

Яап де Хооп Схеффер Өзбекстанга чейин Кыргызстанда жана Казакстанда болуп, Борбордук Азия мамлекеттерин Ооганстандагы НАТО жана АКШ баштаган коалиция күчтөрү менен тыгыз кызматташууга чакырган.

XS
SM
MD
LG