Жакында болсо Кремль кийинки жылдан тартып аларды субъекттер өз бюджетинен каржыласын деген сунуш киргизди. Шаршембидеги иш таштоо мына ушул себептен улам уюштурулду. Москвадагы атактуу жогорку окуу жайларынын бири - Москва авиация институтунун окутуучу болуп иштеген Александр Козлов мындай дейт:
-Мен алган айлык 4,5 миң рубль. Мынча аз маяна алган Орусиядан башка кайсы өлкөдө профессор бар?
Өлкөнүн көзкарандысыз профсоюздар федерациясынын төбөлдөрүнүн бири Алексей Суриковдун айтканына караганда бийлик менен сүйлөшүү жай айында башталган. Бирок өкмөт тоотпостукка салып келе бергендиктен бюджеттик мекемелердин кызматкерлери иш таштоо уюштурушкан. Акыры бийлик менен тил табышкандан кийин иш таштоону мурда болжогондой беш күн бою эмес, бир эле күндө бүттү кылуу чечимине жетишишкен. Өкмөттүн алдына коюлган талаптар:
-Быйылкы жылы алган айлыктын индексацияланышы. Келерки жылы да анын индексация кылынышы. Үчүнчү талап – азыр жетишилген маяна көлөмүн ушул бойдон сактап калуу, - дейт профсоюздар жетекчиси Суриков.
Алыскы Владивостокто өткөн митингде сүйлөгөн шаардык орто мектептин мугалими Ольга Маслова бийликке талапты кабыргасынан койбосо болбойт деп эскертти:
-Мектептерди жабыш керек, ооруканаларды жабыш керек. Ошондон кийин гана өкмөт саал да болсо биз туурасында ойлонот.
Бийлик болсо казына көзүн карагандардын абалын түшүнө тургандыгын билдирет. Алардын маянасын кийинки жылдан тартып көбөйтүүнү профсоюз жетекчилерине убада берген. Аны 20-октябрда нааразылык акцияларына чыккандар алдында вице-премьер Александр Жуков минтип жарыялады:
-Бюджеттик чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин айлыгын келерки жылы эң жогорку деңгээлге - 50 пайызга көбөйтүүнү макулдаштык.
Ырасмий булактардан келген кабарларда бул жолу иш таштоого Татарстан, Хакасия, Чувашия жумурияттарынан эч ким катышкан эмес. А профсоюз төбөлдөрү болсо:
-20-октябрда көчөгө чыккандардын саны миллионго чукулдады. Бийлик мындан кийин да талабыбызга тоң моюндук кылса анда кийинки жолу узакка созулган иш таштоо уюштурабыз,-дешет.