Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Вице-премьер-министр Т.Саавалайнен менен жолукту


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен менен жолукту. Тараптар Кыргызстандын 2005-жылга карата бюджетине байланыштуу, өлкөдөгү майда жана орто бизнес тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда Саавалайнен өлкөдө кедейчиликти кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча программа негизинен аткарылып жаткандыгын билдирди. Эл аралык валюта Корунун өкүлү ошону менен бирге уюм Кыргызстанда жүргузүлүп жаткан Салык Кодексинин кайрадан каралып жатышын колго аларлык иш-чара катары баалап жаткандыгы жөнүндө маалымдап, аталган Кодекстеги карама-каршылыктар жойулушу зарыл деген пикирин айтты.

XS
SM
MD
LG