Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:40

ПРЕЗИДЕНТ АКАЕВДИ КЫЗМАТТАН КЕТИРҮҮ МАКСАТЫНДА КОЛ ТОПТОО БАШТАЛДЫ


1-ноябрь күнү «Кыргызстандын элдик-патриоттук кыймылы» маалымат жыйынын өткөрдү. Анда кыймылдын жетекчилери Кыргызстандын президенти Аскар Акаевди бийликтен кетирүү үчүн атайын акция башташкандыгын билдиришти.

Элдик-патриоттук кыймылдын саясий кеңеши үстүбүздөгү жылдын 4-октябрь күнү Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге кайрылуу жолдошкон. Алар президенттен 10 жылдан берки шайлоолордун адилетсиз өтүшүнө жол берип келаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди жана Боршайкомдун 6 мүчөсүн мыйзамдарды одоно бузганы үчүн кызматтан алууну талап кылышкан. Ошондой эле катта эгер бул талап аткарылбаса жергиликтүү кеңештерге, келе жаткан парламенттик жана президенттик шайлоолордун да жыйынтыктарын мыйзамсыз деп табышаары тууралуу жазылган.

Кат ээлери мамлекет башчысына Боршайкомдун төрагасын кызматтан алуу үчүн 15 күндүк мөөнөт беришип, бул мөөнөт ичинде талап аткарылбаса президенттин өзүн бийликтен кетирүү үчүн акцияларды башташаарын эскертишкен. Кыймылдын саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн бири - Турсунбек Акундун айтуусунда президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү үчүн элден кол топтоо акциясы башталмакчы:

- Борбордук шайлоо комиссиясынын башында Сулайман Иманбаев менен анын президент тарабынан бекитилген командасы турганда эч качан адилет шайлоо болбойт. Ошондуктан аны кетиришин талап кылып, президентке кайрылып, ага он беш күн мөөнөт бергенбиз. Эгер президент биздин талапты аткарбаса, анда анын өзүн күүнөөлүү деп таап, саясий акцияларды баштайбыз деп эскерткенбиз. Бирок президент Иманбаевди кетирген жок. Ошондуктан 29-октябрь күнү саясий кеңеш кайра чогулуп, Акаевге импичмент жарыялоо боюнча чечим кабыл алдык. Бүгүнтөн тартып кол чогултууну баштайбыз.

Президентти бийликтен кетирүү максатында башталган акцияга Кыргызстан коммунисттик партиясы, Аксы районунда түзүлгөн «Жерге-Тал» коому жана Кыргызстандын патриоттору партиясы да колдоп, кошулаарын билдиришкен. Патриоттор партиясынын жетекчиси Назарбек Нышановдун айтымында элден кол топтоо ишин уюштуруучу штаб Бишкекте жана башка облустарда түзүлөт:

-Штабдын ишмердүүлүгү бүт Кыргызстан боюнча жүргүзүлөт. Ар бир облустарда жана райондордо да штабдар түзүлөт. Акаевди бийликтен кетирүү үчүн элден 300 000 кол чогулгандан кийин, аны юстиция министрлигине, эларалык институттарга, укук коргоо уюмдарына беребиз. Ошол 300 000 адамдын колу аркылуу биз өзүбүздүн бийликтин алмашуусун демократиялык түрдө камсыз кылабыз.

Кыймылды уюштуруучулардын бири Нурлан Мотуев президент Аскар Акаевдин элге кайрылуусу атайын радикал оппозицияны ооздуктоо, аларды элге жаман көрсөтүү максатында жүргүзүлгөн саясат деп эсептээрин билдирди:

- «Радикал оппозиция» дегенден чочуп, Акаев өткөн жумада билдирүү жасады. Анын ою боюнча радикал десе эле күчкө салып, бийликти тартып алуу деп эсептеди. Филолог Ежоговдун сөздүгү боюнча «радикал» деген сөз "чечкиндүү деген түшүнүктү билдирет" деп жазылып турат. Биз радикал оппозиция катары Акаевдин бийликтен кетүүсүн каалаган 300 000 адамдын колун топтойбуз. Андан тышкары Грузиядагыдай болуп, манат төңкөрүшүнө барышыбыз керек.

Бирок Президент Акаевди кол топтоо менен кызматтан кетиребиз деген кеп суу кечпеген кургак сөз деген ойлор да жок эмес. Акаевди колдоо жана мөөнөтүн узартуу үчүн элдин колун жыйноо акциясын баштаган «Элим менен элим үчүн» фондунун төрагасы Аманбек Сатыбаев бул акциядан майнап чыкпайт деп эсептейт:

-Эгерде эл жамандыкты ээрчисе мамлекетке да жаман болот. Ал эми биз айтып жаткан жакшылыкты колдой турган болсо, Кыргызстан мындан ары да өсүп-өнүгө берет. Ошондуктан бул кыймылдын жасап жаткан иштеринен эч кандай жыйынтык чыкпайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG