Орусиянын Алыскы Чыгышында 2-ноябрда Жапан деңизинде жоголгон орусиялык 33 суучул азырынча табыла элек. Эки кеме жоголгон - анын биринде 27, экинчисинде 15 адам болгон. Экинчи кемеде жоголгондордун жетөө табылды, бирөө өлгөн, калган жетөөнүн дайны жок. Биринчи кемедеги 27 адамдын бири гана кечээ күнү табылды.