Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Балаковскаядагы атомдук электростанциянын реактору кайрадан иштей баштады


МОСКВА. Россиянын Балаковская деген атомдук электростанциясынын экинчи реактору бүгүн кайра иштей баштады. Саратов областындагы реактор мындан эки күн мурда анда суу түтүгү жарылып кеткенге байланыштуу токтотулган эле. Балаковскаядагы бийликтер аймакта радиациянын дэңгээли жогорулабагынын маалымдашат. Өткөн бейшембиде Украинанын Ривне деген атомдук электростанциясы да генераторлордун биринде чыккан бузуктуктан жабылып калган болчу. Украинанын атомдук энергия агенттигинин өкүлү реактор жекшемби күнү кайрадан иштей баштаарын билдирди.

Дүйнө кабарларын Баян Жумакадыр кызы Прагадан даярдады.

XS
SM
MD
LG