Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

ЖАРАШУУ КҮНҮ ЧЫН ЭЛЕ ЫНТЫМАК АЛЫП КЕЛЕБИ?


Муса Мураталиев, Москва Жекшембиде Орусияда жарашуу жана ынтымак күнү белгиленди. Ал майрамдын алкагында Москвада кайчы көз караштагы саясий күчтөрдүн бир нече митингдери өттү. Солчулдар уюму Октябрь революциясынын 87 жылдыгын майрамдашты. Оңчулдар болсо жарашуу жана ынтымак күнүн белгилешти. Кызыл аянттан болсо 1941-жылы 7-ноябрда өткөн параддын катышуучулары басып өтүштү. Алар менен кошо патриот жаштар да болду. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча жекшембиде өлкө боюнча көчөгө чыккандардын саны 300 миңге чукулдап барган.

Большевиктер төңкөрүшүнө 87 жыл толгондугун Москвада 6 миңге жакын солчулдар белгилешти.

Сибир калааларында, Санкт-Петербург жана Москвада карама-каршы көз караштагы саясий күчтөрдүн митингдери өттү.

Ырасмий бийлик болсо 7-ноябрда эл "жарашуу жана ынтымак күнүн" белгилейт деп айткан, бирок андай болгон эмес.

Айтмакчы, келаткан аптада Мамлекеттик дума 7-ноябрды майрамдоого тыйуу салууга белсенип жатат. Андай сунуш “Бирдиктүү Орусия”, “Мекен”, ЛДПР партияларынан түшкөн. Анын ордуна 4-ноябрды "жарашуу жана ынтымак күнү" деп белгилөөнү Эмгек кодексине киргизишмекчи. Буга каршы экенин коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов митингде мындай билдирди:

-4-ноябрды жаңы майрам кылып киргизүү аракети – бул тарыхты тангандык болуп эсептелет, ал - наадандык жана орусча айтканда, ашынган чочкочулук!

Көчөгө чыккандардын айрымдары өз ойлорун ортого салышты. Маселен, атын атабаган коммунист мындай дейт:

-Мен жарашуу жана ынтымак күнүн майрамдабайм. Мен Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңишке жетишкен күнүн белгилөө максатында чыктым.

Оңчулдардын кийинки көчөдө өтүп жаткан митингисинин катышуучусу - бойго жеткен бир кыз ага жооп айткансып, мындай деди:

-Октябрь революциясы Орусияга чындап бүлүк салган. Менин баамымда, ал революция болбогондо Орусия башка жолго түшөт болчу. Балким ал жол менен барганыбызда мындан да өнүккөн өлкөгө айланмакпыз. Балким жерибиз мынчалык кең болбойт эле, бирок азыркыдан алда канча бактылуу турмушта жашайт элек.

Солчулдар күчүн колдоого алгандар арасынан айтылган жооп буга эриш-аркак болгонсуду:

-Бул күндү (бийлик - ММ) жоюп салган күндө да адамдар көчөгө чыгып, аны майрамдай берет. Не дегенде, биз тирүү кезде, биздин муун бар кезде бул майрам болуп туруш керек.

Талдоочулар Орусиянын саясий ички турмушундагы мындай жаатташуулар артып баратат дешет.

Былтыр 7-ноябрь КМШ өлкөлөр ичинен Кыргызстанда эң барктуу майрам катары өткөрүлдү деп орусиялык маалымат каражаттары белгилеген эле. Быйыл да Бишкекте бул датаны белгилөө болгонун жана ага 300дөй киши катышканын ИТАР-ТАСС агенттиги билдирди.

Дүйнөлүк булактардын маалыматтарына караганда совет бийлиги турган 70 жыл ичинде бери дегенде 50 миллиондой адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG