Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Ясир Арафаттын жасаты Парижден Каирге жөнөтүлөт


Парижде палестин жолбашчысы Ясир Арафаттын сөөгүн Мисирдин борборуна жөнөтүү каадасы өтүүдө. Арафат бүгүн таңга жуук Париждеги ооруканада көз жумган.

Жума күнү Каирде Арафат менен коштошуу аземи өтөт да, андан кийин маркумдун жасаты Батыш Иордандын Рамалла шаарына жөнөтүлөт.

Арафат о дүйнө кетти деген кабар угулар замат палестиндер сөөктү жайга берүү учурунда тополоң салат деп кооптонгон Израил өкмөтү Батыш Иордан жана Газа тилкесине кеткен жолдорду жапты.

Рамалла шаарында палестин парламентинин төрагасы Раухи Фату автономиянын президенти катары ант берди. Эми 2 ай ичинде шайлоо өткөрүлүп, Палестинанын жаңы президенти шайланмакчы.

XS
SM
MD
LG