Айрым саясатчылардын жана байкоочулардын иликтөөсүнө караганда жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен өткөн. Алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо мына ушундай алашемдиктер болбошу үчүн айрымдар Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү керек десе, айрымдары азыркы кодекс бардык талаптарга жооп берет дешет.
Ал эми Кыргызстан элдик патриоттуулук кыймылы алгач "Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев кызматынан кетсин" деген талапты коюп келишсе, жакындан бери "мамлекет башчысы Аскар Акаев кетмейинче өлкөдө адилет шайлоо болбойт" деген талапты коюшууда. Анда Бишкек студиясында өткөрүлгөн кезектеги "Бетме-бет" берүүсү ушул темага арналган. Ага аталган кыймылдын лидери Турсунбек Акун жана саясат таануучу, публицист Карыбек Байбосунов катышты.
Сүрөттө (солдон оңго): Турсунбек Акун жана Карыбек Байбосунов.