Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

ПРЕЗИДЕНТ ПУТИН СУНУШТАГАН ОРУСИЯЛЫК УЛУТТУК МҮДӨӨ ТАР ЖОЛ ТАЙГАК КЕЧҮҮСҮ


Орусиянын президенти Владимир Путин демилге көтөрүп, өлкөнүн саясий бийлигин кайра түзүп чыгуу иши кызуу жүрүп атат. Ал иш, баарыдан мурда, жер жерлердеги акимдерди Кремлдин дайындоосунан башталат дешет. Жүзгө чукул субъекттер курамынан турган Орусиядай чоң мамлекет үчүн борбордун губернаторлорду дайындоосу, айрыкча автономиялык жумурияттар саясий төбөлдөрүнүн нааразылыгын туудурат дешет. Эмнеси болсо да Путин сунуш кылган жаңы саясий түзүлүш долбоору эки палатада тең талкууга алынып, мыйзам болуунун алдында турат.

Президент Путин көтөргөн демилге турмушка ашканда, куду Советтер тушундагыдай, буйрукту Маскөөдөн берип аны аткаруу жер-жерлерде жашаган атуулдар тараптан болуп турат. Ал демилге туурасында Путин өзү мындай дейт:

- Азырынча биз, эки нерсени сунуш кылдык. Партиялык принциптер менен парламентти калыпка салуу. Ошондой эле, экинчиси - орусиялык аймактар жетекчилерин шайлоонун тартибин өзгөртүү, - деген ал, 29-сентябре, жүздөн ашуун агенттиктер өкүлдөрү конгрессинде чыгып сүйлөгөн сөзүндө.

Натыйжада Мамдума талкууга аны ала келип, эми өлкөдө партия болуп уюшулуунун тартибин башкача бычмак болуп атат. Мындан ары партия болуп каттоодон өтүү үчүн, анын катарында мурдагыдай 10 миң мүчө эмес 50 миң мүчөсү болуу абзел деген тартип киргизилип атат.

Кызык жери – кийинки учурда бийликти сынга алуу жок болуп калды. Татарстан менен Башкортостан президенттери гана «Кремлдин демилгесин» сынга алышкан.

Жекшембиде орусиялык борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков мындай көрүнүштү атуулдар укугун бузгандык болот деди:

- Бул, кайсы бир деңгээлде, атуулдардын саясий партия түзүү конституциялык укугун турмушка ашырууда аларга талапты эң эле артыкча коюп, ошону менен аларга тыюу салгандык катары бааланат.

Президенттин демилгесин колдогондор жана ага каршы чыккандар кайым айтышы кыйла эле бар. Ал, 1-сентябрде Бесланда мектепти барымтага алуу болгондон кийин ого бетер курчуду.

Ошол коогалаңдуу трагедияга аралаш Путин жер-жерлердеги губернаторлорду дайындоо борбордон болуу керек сунушун киргизди. Либералдар оң канатынан чыккан Валерия Новодворска мындай көрүнүштү чукулку тарых жолундагы учур менен салыштырат:
- Федералдык кошуунду Путиндин бүтүндөй таркатып ийиши – бул 1933 жылы Рейстагды өрттөө болгондон кийин элдердин жана мамлекеттердин жакырчылык абалын жоюу боюнча Германиянын канцлери Адольф Гитлердин кабыл алган актысына абдан окшоп турат, - дейт Новодворская айым.
«Кайра куруунун» атасы Михаил Горбачевдун айтканына караганда азыркы бийликтин бардык эле ишкердиги арзырлык болбоодо. Ошондуктан анын келечиги кең болору күмөн санатат. Михаил Сергеевичтин ою боюнча:
- Орусия келечегин али тандай элек. Президент Путиндин биринчи күндөрү анын башкаруусу маалында жазагандары арзырлык болуучу. Бирок ал болгону башталыш гана, - деди Горбачев мырза.

XS
SM
MD
LG