Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

ПАКИСТАН АРМИЯСЫ СОГУШЧАНДАР МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ


Шайырбек Эркин уулу, Прага Пакистандык уруулар жашаган Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө согушкерлер менен катуу күрөш жүрүүдө. Акыркы күндөрдө жүргүзүлгөн ири масштабдуу операциялардын негизинде согушкерлердин бир канча базалары жок кылынып, 40ка жакыны өлтүрүлдү. Пакистан армиясынын аталган аймакта аракеттенген аскерлеринин командачысы генерал Нияз Хаттак жекшемби күнү Ооганстан менен чектешкен бул чөлкөм «ал-Каида» менен алакасы бар жана башка согушкерлерден ушул жылдын соңуна дейре толук тазаланышы керектигин билдирди.

Түштүк Вазирстанга өткөн жумада аскер тик учактары жана артиллерия менен коштолгон жети миңдей Пакистан жоокерлери жөнөтүлдү. Байкоочулардын айтымында бул жолку аскер операциясы акыркы мезгилдеги эң ири масштабдагы операция болууда. Ал эми Пакистан армиясынын аталган аймакта аракеттенген аскерлеринин башчысы, генерал Нияз Хаттак акыркы күндөрдө зор ийгиликтерге жетишкенин мындайча белгиледи:

- Биз Түштүк Вазирстанда зор ийгиликке жетишүү менен бир канча маанилүү жерлерди ээледик. Согушкерлерди олуттуу жоготууга учураттык. Алардын негизги базаларына сокку уруп, рухун түшүрдүк. Терроризмге каршы чабуул башталган март айынан бери жергиликтүү калкка аз да болсо ишеним бердик. Алардын кайтып келип, өз жерин согушкерлерден коргоосуна акырындап ынандырып жатабыз, - деди генерал Нияз Хаттак

Генерал Нияз Хаттак мындай билдирүүнү сентябрь айында согушкерлерден басып алынган Түштүк Вазирстандагы эң маанилүү деп эсептелген Карвана-Манзай деген жерде билдирди. Анын айтымында, стратегиялык жактан өтө маанилүү бул жерди басып алуу үчүн согушкерлер кайра-кайра чабуул жасоодо. Алардын курамында араб, ооган, чечен, тажик жана өзбек согушкерлери бар.Каршылык көргөзгөндөр азыр Түштүк Вазирстандын чыгыш тарабына корголоодо. Учурда өлкө бийлиги Пакистандык согушкерлердин башчысы Гуантанамо түрмөсүнүн мурдагы туткуну Абдулла Мехсудду издеп жатышат.

Бир буту жок 29 жаштагы Абдулла Мехсуд ушул жылдын октябрь айында кытайлык эки инженерди уурдап кеткен деп шектелүүдө. Аларды бошотуу операциясынын учурунда инженерлердин бирөөсү аман калганы менен экинчиси каза тапты. Аскер кызматкерлеринин айтымында Түштүк Вазирстандагы Нони кыштагына жакын капчыгайдан Мехсуддун минип жүргөн аты жана курал-жарактары табылды.

Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстан чөлкөмү Талип режими кулаган 2001-жылдан бери жүздөгөн согушкерлер байыр тапкан жер катары эсептелет. «Ал-Каида» жоокерлерин жергиликтүү калктын айрым бөлүгү колдоп да келген. Пакистан тараптын эсебинде чабуул башталган быйылкы март айынан бери үч жүздөй согушкер өлтүрүлгөн. Бул аймакта «ал-Каиданын» эң жогорку даражадагы мүчөлөрү, алардын арасында Усама бин Ладен да жашырынып жүрөт деген да маалыматтар бар. Бирок,Пакистан бийликтери мындай маалыматка ишенкирээбегендей мамиле жасашууда.

- Усама бин Ладендин ушул жерде экени азырга дейре эч кандай байкалган эмес.Бизге бул тууралуу имиштер да жеткен жок», - деп белгиледи генерал Хаттак.

Анын сөзүнө караганда акыркы күндөрдө аскерлер тарабынан согушкерлер жашырынган бир канча жерлер талкаланып, алардын 40ка жакыны өлтүрүлдү, Ошол эле учурда үч жоокер каза тапты. Учурда аскерлер Түштүк Вазирстандын төрттөн үч бөлүгүн көзмөлдөп турат. Генерал билдирүүсүндө Пакистандык уруулар жашаган бул чөлкөм ушул жылдын соңуна дейре «ал-Каида» менен алакасы бар жана башка согушчандардан толук тазаланышы керектигин белгиледи.

Бирок айрым байкоочулар бул аймак негизинен капчыгай, кокту колот болгондуктан Пакистан өкмөтүнүн каршылаштары жашырынып калышы мүмкүн экенин, генералдын аталган чөлкөм быйылкы жылдын соңуна дейре тазаланышы керек деген божомолу өтө эле оптимисттик маанайда айтылгандай таасир калтырганын айтышууда

XS
SM
MD
LG